Бүгүн, 11-мартта саат 16:00дөн 17:00гө чейин АКШнын Кыргызстандагы консулу Алден Грин жарандардын суроолоруна жооп берет. Суроо-жооп АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Facebook интернет баракчасы аркылуу жүргүзүлмөкчү. Белгилүү болгондой, консул Work&Travel программасы жана АКШга виза алуу тууралуу суроолорго жооп берет. Суроолор кыргыз, орус жана англис тилдеринде кабыл алынат.