10-март күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында саат 14:55тен 15:45ке чейин кар көчкүлөрдү аткылап түшүрүү иштери жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 10 жолу атуу жүргүзүлүп, 82 000 метр куб кар көчкү түшкөн. Мындай иштер бүгүн, 11-мартта да улантыла тургандыгын билдирет аталган министрлик.