2012-жылы Кыргызстанда 8 миллиард даана чылым сатылган. Бул тууралуу бүгүн, тамеки өнүмдөрүнө карата акциздик салыкты көтөрүүгө багытталган мыйзам долбоору боюнча коомдук угууда депутат Дастан Бекешев билдирди.
Бекешевдин айтымында, башка коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда тамеки өнүмдөрүнө карата акциздик салыктын көлөмү өтө төмөн. Мисалы, 1 куту тамекинин наркы 30 сом турса, 1000 куту тамекиге 120 сом гана салык кошулат. Казакстан 1 куту тамекиден кошумча 20 сом салык алат. Орусия 2014-жылдан тарта 1000 куту тамекиден 20 евро акциздик салык ала баштайт. Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев 2013-жылы тамеки өнүмдөрүнө карата акцизди салыктын өлчөмү көбөйбөй тургандыгын билдирди. Анын пикиринде, салык өлчөмү коңшу өлкөлөрдөн жогору болсо, контрабандалык ташуулардын көлөмү арбыйт. Ошондон улам 2014-2016-жылдар аралыгында акциздик салыкты акырындык менен көтөрүү чаралары көрүлө тургандыгын айтты.