“Мэрдин алкымын тыйбасак, шаар банкрот болот”. Бул сөздү бүгүн, 11-мартта Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында шаардык кеңештин депутаты Эрнис Докенов айтты. Ал билдиргендей, учурда Бишкек шаарынын жалпы карызы 1 миллиард 225 миллион сомду түзөт. “Бул кредиттик карызды шаар 38 жылда төлөп бүтөт",- деген депутат Иса Өмүркуловго өз эрки менен кызматтан кетүүнү сунуштады.