"Бишкек шаардык мэриясындагы кызматкерлердин санын 20 пайызга кыскартуу керек". Мындай сунушту бүгүн, 11-мартта өтүп жаткан Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Союзбек Салиев билдирди. “Тарыхта мынчалык көп кызматкери бар мекеме болгон эмес”,- дейт Салиев. Ал ошондой эле кабыл алынган ар бир токтом боюнча жана Бишкек шаарында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу элге кенен маалымат жеткирип туруу керектигин айтты.