Бишкек шаардык кеңешинин 11-марттагы кезексиз жыйынында шаардын вице-мэри Айгүл Усубакунова сарыкка каршы эмдөө жүргүзүү башталганы турганын айтты. Калктын саламаттыгын сактоо боюнча мэрия тараптан бир топ иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын айткан вице-мэр буларды кошумчалады: “Бул демилгени ишке ашыруу үчүн көп каражат керек. Башкача айтканда, бир адамга 4 миң сом акча жумшалат. Жок дегенде балдарды эмдөөдөн өткөрүү зарыл”.