"Учурда Бишкек шаарынын негизги көйгөйү - салыктын толук чогултулбай жатканы". Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта өтүп жаткан шаардык кеңештин кезексиз жыйынында мэр Иса Өмүркулов билдирди. Анын айтымында, былтыр 700 миллион сом салык чогултулбай калган. “2 айда салык чогултуунун өскөндүгү байкалды. Мындан ары да ушундай көрсөткүчтөр болот деп ишенем”,- деди Өмүркулов. Ал ошондой эле быйыл белгиленген өлчөмдөгү салык чогултулбаса, ошол тармакта иштеген кызматкерлерге тиешелүү чаралар көрүлө турганын айтты. Айта кетсек, бүгүнкү кезексиз жыйында шаардык кеңештеги "Республика" фракциясы сунуштаган мэр Иса Өмүркуловго ишеним көрсөтпөө демилгеси каралууда.