Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Марат Мияров бир тууганы “Гранд стар” аттуу курулуш компаниясында иштей турганын айтты. Анын айтымында, бир тууганы эч качан кандайдыр бир курулуш компаниясын жетектеген эмес. “Эки жылдан бери ММКлар биздин бир тууган экенибизди жазып келет. Мындан тажап кеттим. Кааласа укук коргоо органдары текшерүү жүргүзсүн”,- деди Мияров.