Кыргызстандан 2012-жылы 1200 дарыгер чет өлкөгө чыгып кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта өтүп жаткан Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында №3-шаардык оорукананын башкы врачы Талант Өмүрбеков билдирди. Учурда дарыгерлердин жетишсиз болуп жаткандыгын айткан Өмүрбеков буларды кошумчалады: “Бүгүнкү күнгө карата шаарда 150 педиатр жана 180 реаниматолог жетишпейт. Кызматкерлер жетишпей жаткандыктан, бюджеттен бөлүнчү каражатты кыскартпаган оң”.