“Депутаттардын мага ишенбөөчүлүк көрсөткөнү негизсиз”,- деп билдирди Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов бүгүн, 11-мартта Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында. Мэрдин айтымында, учурда шаарда эч кандай кыйроо жок, болгону айрым кызматкерлер ишинде катачылык кетирип жатышат. “Ишенбөөчүлүк көрсөткүдөй мен мыйзам бузган жокмун. Ал эми шаардык кеңештин депутаттары айтып жаткан көйгөйлөр боюнча текшерүүлөрдү жүргүзөбүз. Сын-пикирди да туура кабыл алуу керек”,- деди Өмүркулов. Ал ошондой эле шаардагы жолдордун абалы начар экендигине кошула турганын айтып, бул көйгөйлүү тармакка бюджеттен болгону 5 миллион сом бөлүнгөнүн баса белгиледи.