Бишкек мэриясындагы айрым жетекчилер катачылыктарын моюнга алып, жумуштан кетүү тууралуу арыз жазышты. Бул тууралуу мэр Иса Өмүркулов журналисттерге билдирди. Бирок ал жетекчилердин ысымдарын атаган жок. “Кызматкерлердин жоопкерчилигине объективдүү мамиле кылуу керек. Айрым жетекчилерди иштен алуу маселесин мен депутаттардын пайдасы үчүн чечпейм”,- деди мэр. Эске сала кетсек, бүгүн, 11-мартта шаардык кеңештин депутаттары вице-мэр В.Красиенкону жана бир катар башкармалыктардын жетекчилерин кызматтан бошотуу талаптарын коюшкан.