Камактагы “Ата Журт” партиясынын депутаттарын коргоо боюнча түзүлгөн комитет уюштуруп жаткан митинг белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул маалыматты бүгүн, 11-мартта аталган партиянын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов маалымат жыйында билдирди. Айтымында, бул митингди үчүнчү күчтөр пайдаланып кетиши мүмкүн. “Бизге бийлик керек эмес жана кимдир бирөөлөргө курал болгубуз келбейт. Үчүнчү күчтөр бул митингден пайдаланып калууну көздөп турат. Алардын эл чогултуп, митингди башка нерсеге айлантууну пландап жаткандыгы тууралуу маалыматыбыз бар”,- дейт Анаркулов. Ал ошондой эле Бишкекте болчу митинг алдын ала маалымдала тургандыгын кошумчалады. Айта кетсек, 13-мартта Бишкекте чоң митинг өтүп, ага көп сандаган адамдар катыша тургандыгы айтылып келген болчу.