Бүгүн, 11-мартта Жалал-Абад шаарында өтүп жаткан “ата журтчу” депутаттардын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылган митингчилер таркашты. Митингчилер эртең, 12-мартта кайрадан чогула тургандыктарын айтышты. Чогулгандарга аталган партиянын Жалал-Абад облусундагы координатору Жеңиш Токторбаев депутат Камчыбек Ташиевдин кайрылуусун окуп берди. Кайрылууда митингдерди мыйзам чегинде өткөрүү керектиги айтылат.