ЖКнын депутаты Дамира Ниязалиева "парламентти таркатуу керек" деген демилгени колдобойт.Эл өкүлүнүн айтымында, Жогорку Кеңешти таркатуу менен эле өлкө өнүгүп кетпейт. Анын үстүнө парламенттик шайлоо өткөрүү мамлекеттик бюджеттен чоң чыгашаны талап кылат. "Бул чыгымдарды мектептерди, башка социалдык мекемелерди курууга жумшасак болбойбу? Жогорку Кеңешти таркатуу маселесин карапайым эл көтөрүп чыгып жаткан жок. Бул айрым саясий топтордун гана аракети”,- дейт депутат. Ниязалиева билдиргендей, ЖКнын депутаттары буга чейин мурунку бийликтин катачылыктарын мыйзамдын алкагында оңдогонго аракет кылып келишти.