Бишкекте “Ден соолук үчүн жүгүрүү” аттуу акция өтөт

Бүгүн, 12-мартта Бишкектеги Октябрь районунда “Ден соолук үчүн жүгүрүү” аттуу акция өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Акция “Калкты кургак учук илдетинен сактоо” мыйзамынын алкагында аталган райондук администрация жана шаардык кургак учук менен күрөшүү борборунун демилгеси менен өткөрүлмөкчү. Бул иш-чарага Көк-Жар, Кара-Жыгач, Алтын-Ордо жана Рухий-Мурас жаңы конуштарынын тургундары катышмакчы. Анын максаты - адамдарды, өзгөчө жаш балдарды жана өспүрүмдөрдү спорт менен машыгууга, сергек жашоого үндөө болуп эсептелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан