Быйыл Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын эң улуу студенти окуусун бүтөт. Ал 66 жаштагы япониялык Рикио Ямашита экенин аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Ямашита Бишкекке 6 жыл мурун же пенсияга чыккандан кийин келген. 38 жыл мунай өндүрүүчү ишканада иштеген ал 60 жашында пенсияга чыккан. “Учурда япониялык студент сынактарды ийгиликтүү тапшырууга даярданып жатат. Келечекте өз мекенинде медициналык клиника ачууну кыялданат”,- деп билдиришти аталган окуу жайдан.