Япония Кыргызстанга жардам түрүндө 100 миллион иен бөлөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Тиешелүү документке кечээ, 11-мартта Каржы министри Ольга Лаврова жана Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэ кол койду. Жардам товар жана кызмат көрсөтүү багытында берилет. Ошондой эле жакынкы күндөрү кыргызстандыктарга эң керектүү делген товарларды аныктоо үчүн кыргыз-япон комиссиясы түзүлөрү белгилүү болду. Каржы министри Япония өкмөтүнө жана элине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптын кызыкчылыгындагы мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишеним билдирди.