11-мартта президент Алмазбек Атамбаев “Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматчыларын запаска бошотуу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Жарлыкта “Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматын өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары КРнын Куралдуу күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулсун" жана "2013-жылдын апрель-июнунда чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугуна ээ болбогон, 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугун жоготкон эркек жарандар КРнын Куралдуу күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакырылсын”, - деп жазылган.