Ысык-Көл. Эки ай ичинде жол кырсыгынан 22 адам каза болду

Ысык-Көл облусунда 2013-жылдын январь жана февраль айларында 58 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч  былтыркы жылга салыштырмалуу 24 пайызга көп экендигин Ысык-Көл ОИИБинин жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Насипбек Калмурзаев билдирди. Маалыматка таянсак,  жол кырсыгынын көпчүлүгү айдоочулук күбөлүктөрүн сатып алган жана мас абалында унаа айдоодон келип чыгууда. Кошумчалай кетсек, бул 2 ай аралыгында жол кырсыгынан 97 адам ар кандай жаракат алып, 22 адам көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан