Бүгүн, 12-мартта Ак үйдүн алдында “Кыргыз биригүү” кыймылынын мүчөлөрү акция өткөрүүдө. Катышуучуларынын айтымында, акциянын максаты - митингдерди токтотуу менен кыргыз эли биригип, жакшы ойлор менен азыркы көйгөйлөрдү чечүү. Кубат Токсобаев, катышуучу: "Жакында митингдер болот деп жатышат, бирок биз, кыргыздар, бир муштумдай бирикмейинче эч качан маселе чечилбейт. Биз оппозицияны, бийликти, ошондой эле ар бир облустун өкүлдөрүн өз ара сүйлөшүү жүргүзүүгө чакырабыз. Элде ынтымак болсо деген максатта бул акцияны өткөрүп жатабыз".
1. Кубат Токсобаев