"Мамлекеттик кызматтардын алдындагы Коомдук байкоочу кеңештер көз карандысыз болушу керек",- деди депутат Эгемберди Эрматов ЖКнын Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин 12-марттагы жыйынында. Эл өкүлүнүн айтымында, 2010-жылдын сентябрь айында Убактылуу өкмөттүн декретинин негизинде бир катар министрликтердин алдында Коомдук байкоочу кеңештер иштей баштаган. Учурда деле ошол боюнча иштеп жатканын билдирген Эрматов буларды кошумчалады: "Аларга мамлекеттик бюджеттен акча төлөнбөйт, эгер төлөнсө бийликке көз каранды болуп калышат”.