Өзгөн райондук салык кызматынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Ош облусундагы Өзгөн райондук прокуратурасы аталган райондун салык кызматынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Кылмышка шектүүлөр кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айыпталууда. Өзгөн райондук автобекетинин администрациясы билдиргендей, 2012-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин Өзгөн-Ош, Өзгөн-Куршаб жана Куршаб-Кара-Суу багыты боюнча каттаган 12 орундуу кичи автобустарды айдап 67 адам иштеп келген. Бирок салык кызматынын отчётунда бул айдоочулар патенти жок өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келгендиги айтылат. Буга байланыштуу мамлекетке 314 миң сомдук зыян келтирилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан