2012-жылы өлкөдө коррупция боюнча 1180 кылмыш иши козголгон

Кыргызстанда 2012-жылы коррупция боюнча 1180 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында башкы прокурор Аида Салянова билдирди. Айтымында, 964 кылмыш иши прокуратура тарабынан, 89у экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан, 82 кылмыш иши УКМК тарабынан козголгон. "Коррупция менен байланышкан кылмыштардын жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 1 миллиард 400 миллион сомдой чыгым келтирилген”,- деди Салянова. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан