"Кыргызстанда тамеки жана спирт ичимдиктери тууралуу жарнамаларды эфирден саат 00:00гө чейин көрсөтпөө керек". Мындай сунушту бүгүн, 12-мартта ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирип, айрым мыйзамдарга толуктоо жана өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. “Учурдагы мыйзам боюнча спирт ичимдиктерин жана чылымдарды жарнамалоо саат 22:00гө чейин көрсөтүлбөйт. Бирок бул убакта кээ бир балдар уктабайт, жарнамалар кызыктуу болгондугу үчүн жаш балдарга кандайдыр бир таасирин тийгизет”,- деди депутат. Ал эми депутат Роза Акназарова бул каражаттарды жарнамалоого 100 пайыз чектөө коюу керектигин айтты. Анын мындай пикирин депутат Элмира Иманалиева колдоого алып, “биз мыйзамдарды кабыл алып коё беребиз, бирок анын аткарылышын көзөмөлгө алган эч ким жок. Мыйзамга аткаруучу органдардын укуктук жоопкерчилигин дагы киргизүү керек. Алар мыйзамдын аткарылышын камсыз кылуулары шарт”,- деди. Айта кетсек, бүгүн аталган комитетте "КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, депутаттардан колдоо тапты.