Ош шаарын тазалоого катышпаган тийиштүү мекемелер жазаланат

Ош шаарындагы жазгы тазалоо иштерине катышпаган тийиштүү мекемелерге жаза колдонулат. Бул маалыматты аталган шаардын вице-мэри Ильяз Ражаповдун мекеме, ишкана жана ЖОЖдор менен мектептердин жетекчилери жолугушуу учурунда айтканын Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. “Шаарды тазалоо иш-чаралары эки айлыктын алкагында жүргүзүлөт. Тазалыкты бардык мекемелерде жана ишканаларда, окуу жайларда, ошондой эле өзгөчө коомдук жайларда сактоо зарыл”,- дейт вице-мэр. 

Эскерте кетсек, Ош шаарын тазалоо үчүн эки айлык жарыяланган, ал 1-марттан 1-майга чейинки убакытты камтыйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан