Бүгүн, 12-мартта ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Эгемберди Эрматов улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы төш белги чыгаруу керектигин айтты. Эрматов КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы Ч.Айтматов атындагы 30 миң долларлык атайын сыйлыкты белгилөө тууралуу чечим кабыл алганын да кошумчалады. Ал эми жыйынга катышкан Каржы министрлигинин өкүлдөрү төш белгини иштеп чыгуу үчүн көп каражат сарптала тургандыгын, бирок бюджетте анча акча жок экендигин айтышты. Ал эми бул сунушту колдоого алган депутат Урмат Аманбаева каражатты марафон өткөрүп болсо да табуу керектигин билдирди. Сунуш биринчи окууда жактырылды.