2013-жылдын "Иштерман жылы" деп жарыяланышы боюнча Ош шаардык мэриясы аткарчу иштеринин планын бекитти

Бүгүн, 12-мартта Ош шаардык мэриясы Кыргызстанда "2013-жыл - Иштерман жылы" деп жарыяланышынын алкагында шаардык мэрия тарабынан аткарыла турган иш-чаралардын планын бекитти. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдиришти. Белгиленген пландын ишке ашуусун шаардын вице-мэри Дастан Ходжаев көзөмөлгө алат.

Аткарылчу иштердин катарында шаар тургундарына жыл бою түшүндүрүү иштерин жүргүзүү демилгеси бар. Мындан сырткары Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен биргеликте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды ишке орноштуруу боюнча да бир топ маселе көтөрүлмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан