Эртең, 13-мартта Бишкекте чоң масштабдагы митинг өтө тургандыгы айтылууда. "Ата журтчу" депутаттарды бошотуу баш болгон талаптар менен өтө турган бул митингдин дал ушул 13-мартта өтө тургандыгы айтылып келгени менен, 11-мартта анын уюштуруучулары "митинг белгисиз мөөнөткө жылды. Анткени бул ири иш-чараны үчүнчү күчтөр пайдаланууну көздөп жатышат" деп жарыялашкан. Буга байланыштуу коомчулукта "митингди уюштуруучулар жоопкерчиликтен качып жатат. Мында "Кыргызстанды сактоо кыймылынын" төрагасы Мукар Чолпонбаев депутат Садыр Жапаровдун агасы менен бийликти басып алууга аракет жасайт" деген да сөздөр чыккан. Бирок уюштуруучулар бул маалыматтарды четке кагышып, 13-мартта жалпы элдик курултай гана боло тургандыгын айтышууда.