13-мартта Кыргызстан боюнча жаан жаашы күтүлөт

13-мартта Кыргызстандын бардык облустарында жаан жаап, тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактардагы унаа жолдору тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:  

Чүй облусунда күндүз +7...+12°C, түнкүсүн +1...+6°C

Талас облусунда күндүз +7...+12 °C, түнкүсүн -1...+4°C

Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +10...+15°C, түнкүсүн +1...+6°C

Баткен облусунда күндүз +8...+13°C, түнкүсүн 0...+5°C

Ысык-Көл облусунда күндүз +1...+6°C, түнкүсүн  -3...+2°C

Нарын облусунда күндүз 0...+5°C, түнкүсүн  0...-5°C

Бишкек шаарында күндүз +9...+11°C, түнкүсүн +4...+6°C

Борбор шаарда  жаан жаайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан