Депутат Урмат Аманбаева карылар үйүндө иштегендердин айлыгын көтөрүүнү сунуштады

"Карылар үйүндөгү ар бир улгайган адамга күн сайын бөлүнчү 55 сомду эки эсе көтөрүп, ал жерде иштеген кызматкерлердин айлыктарын да жогорулатуу керек". Мындай сунушту 12-мартта ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Урмат Аманбаева билдирди. Айтымында, түрмөдөгүлөргө бир күндүк тамактануусуна 130 сом бөлүнсө, карылар үйүнө 55 сом гана бөлүнөт. “Качан кыргыздын баласы атасын карылар үйүнө таштап койчу эле? Азыр кайдыгерлик, таш боордук кыргыз элине сиңип бара жатат. Карылар үйүндө кыргыз карыялары көбөйүп жаткандыгы өтө кайгылуу нерсе”,- деген депутат мамлекет тарабынан аларга камкордук мамилесин өзгөртүү керектигин баса белгиледи. Мындан тышкары эл өкүлү карылар үйүнүн кызматкерлеринин айлык акылары 3500 сом экендигин айтып, бул сумманы жашоо минимумуна чейин көтөрүүнү өкмөттөн суранды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан