"Кумтөр" компаниясы быйыл "AVEP" коомдук фондунун көмөгү менен карагат өстүрүүгө багытталган долбоорду ишке ашыруу демилгесин көтөрүүдө. Бул тууралуу "Кумтөрдүн" басма сөз кызматы билдирди. Бул долбоор 3 жылдык мөөнөткө пландалууда, эгер ал жакшы жыйынтык берсе, андан ары да улантылат. Негизги максаты - калктын керектөөлөрүн камсыз кылуу.