Исмаил Исаков: "Алай районунда банктар 65 жаштан ашкан жарандарга кредит бербейт экен"

"Алай районундагы банктар 65 жаштан ашкан жарандарга кредит бербейт экен",- деди депутат Исмаил Исаков ЖКнын 13-марттагы жыйынында. Ал билдиргендей, бул көйгөй аталган райондун элинин турмушуна терс залакасын тийгизип жатат. "Алайга барсам элдер "эмне, 65 жаштан өткөн жарандарга банктар кредит бербейт деген мыйзам чыкканбы?" деп айтышты. Ал жердеги банктардын ишмердүүлүгү менен таанышып, текшерип чыгуу керек. Эмне үчүн облустук, райондук банктар өздөрү каалагандай жоболор менен иш жүргүзөт?" деди Исаков.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан