"Иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлө турган болсо, мен иштей албай калам" дейт Дастан Бекешев

ЖКнын 13-марттагы жыйынында мамлекеттик кызматтарда колдонууга багытталган мыйзам долбоору талкууланууда. Көпчүлүк депутаттар мыйзам долбоорун колдоого алса, буга каршы чыккан эл өкүлдөрү да болду. Мисалы, Дастан Бекешев эгер мамлекеттик тилде иш жүргүзүлө баштаса иштей албай кала турганын айтты. "Мен ден соолугума байланыштуу атайын программанын жардамы менен сөздөрдү окуп, маалымат алам. Ал программа кыргызча "ө", "ү" жана "ң" тамгаларын окуй албайт. Бул жактан алып караганда мага кыйынчылык жаралат. Башкача айтканда, мен мамлекеттик кызматтарда иштей албай калам",- деди Бекешев. Ал эми депутат Эгемберди Эрматов "кыргыз тилин билбейм" деген шылтоо экенин айтты. "Чет өлкөдөн Кыргызстанга келген жарандар 2-3 айдын ичинде кыргыз тилин так үйрөнүп кетип жатпайбы? Анан кыргыз болуп туруп "кыргыз тилин үйрөнүүгө шарт жок" дегени шылтоо. Мыйзам долбоорун токтоосуз колдошубуз керек",- деди Эрматов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан