Бүгүн, 13-мартта борбор шаардагы "Ала-Тоо" аянтында “Кыргызстанды сактоо кыймылы” уюштурган митинг башталды. Аталган кыймылдын төрагасы Мукар Чолпонбаев митингге президент, ЖКнын депутаттары жана башка адамдар чакырылганын айтты. "Биз тынчтык митингин өткөрүүнү гана максат кылып жатабыз. Талап - саясий куугунтукту жана Кытайдын жарандарына биздин өлкөдөн квота бөлүп берүүнү токтотуу. Ошондой эле "Кумтөр" ишканасын чет өлкөнүн колуна бербөө”,- деди ал. Ал эми уюштуруучулар митинг бир сааттан кийин токтой турганын айтышты.