Жеңишгүл Өзүбекова КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү болуп шайланды

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Жеңишгүл Өзүбекова КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү болуп шайланды. Ага 57 депутат "макул", 41 депутат "каршы" добуш берди. Ал  аталган кеңештин мүчөлүгүнө Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынан сунушталган. Аны менен атаандашкан талапкер Бактыбек Сейитбаевге 46 депутат "макул", 52 депутат "каршы" добуш берип өтпөй калды. Жеңишгүл Өзүбекова - драматург, акын, тележурналист жана КРнын Эмгек сиңирген артисти. 1994-жылдан КРнын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

 

1. Жеңишгүл Өзүбекова

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан