Кыргызстанда учурда 1000дей адам гемодиализ аппаратына, 300 жаран жасалма бөйрөккө муктаж. Бул маалыматты бүгүн, 13-мартта Кыргызстандагы Неврологдор коомунун президенти Рысбек Калиев маалымат жыйында билдирди. Айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканаларга кайрылгандардын саны тууралуу гана маалымат бере алат. “Учурда Кыргызстанда 1000 адамдын бөйрөгү толук кандуу иштебейт. 360 жаран жасалма бөйрөк менен күн кечирүүдө. 60 адамдын бөйрөгү операция жолу менен алмаштырылды. Бөйрөктү алмаштыруу бул оңой иш эмес, операциядан кийин бөйрөктүн иштеп кетиши үчүн чоң жардам керек”,- дейт Калиев.