14-мартта Кыргызстандын айрым жерлеринде түнкүсүн жаан жаап, тоо этектеринде кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардагы унаа жолдору тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге чейин жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +13...+18°C, түнкүсүн -1...+4°C
Талас облусунда күндүз +12...+17°C, түнкүсүн -2...+3°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +14...+19°C, түнкүсүн +1...+6°C
Баткен облусунда күндүз +13...+18°C, түнкүсүн 0...+5°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +4...+9°C, түнкүсүн -3...+2°C
Нарын облусунда күндүз +3...+8°C, түнкүсүн -2...-7°C
Бишкек шаарында күндүз +15...+17 °C, түнкүсүн +1...+3°C
Борбор шаарда жаан-чачын күтүлбөйт.