Нью-Йорктогу "Bowling Green" сейил багына Кыргызстандын желеги орнотулду

13-мартта АКШнын Нью-Йорк шаарындагы "Bowling Green" сейил багына Кыргызстандын желеги салтанаттуу түрдө орнотулду. Бул маалыматты SUPER.KG порталынын Evelet деген ник менен катталган АКШдагы колдонуучусу билдирди. Желекти орнотуу 21-март - Нооруз майрамынын урматына жасалды. Салтанат учурунда кыргызстандык ырчы Каныкей КРнын Мамлекеттик Гимнин аткарды. Иш-чарага БУУнун Кыргызстандагы өкүлү Таалайбек Кыдыров, КРнын Жазуучулар союзунун мүчөсү, жазуучу Анарбек Акматбеков да катышып, сөз сүйлөштү. Айта кетсек, кыргыз желеги 21-мартка чейин аталган сейил бакта желбиреп турмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан