Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 18-19-март күндөрү волейбол боюнча өспүрүмдөр арасында республикалык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын спорт жана жаштар саясаты бөлүмүнүн башчысы Улан Кыдыров маалымдады. Айтымында, мелдешке ар бир облустан келген оюнчулар катышат. Кошумчалай кетсек, иш-чара КРнын Волейбол федерациясынын көмөгү менен уюштурулууда жана учурда канча команда катыша тургандыгы такталууда.