21-март - Нооруз майрамына карата Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында улуттук оюндар уюштурулат. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын спорт жана жаштар саясаты бөлүмүнүн башчысы Улан Кыдыров билдирди. Айтымында, иш-чарада кыргыз күрөшү, аркан тартыш, ордо оюндары болот. Мелдеште алдынкы орундарга ээ болгондорго акчалай сыйлыктар, диплом, грамоталар тапшырылат.