20 жылдан бери Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн китепканалары жаңылана элек. Бул пикирди бүгүн, 14-мартта ЖКнын жыйынында депутат Ирина Карамушкина билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, СССР таркагандан бери Бишкектеги айрым гана аскердик окуу жайлардын китепканалары тиешелүү адабияттар менен толукталган.
“Адабияттар эскирген, аскер кызматындагыларды тарбиялоо талаптарына жооп бербейт. Биз бул маселеге көңүл бурбай жатабыз",- деди Карамушкина.