Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы дайындалган мүчөлөрү ант беришти
Парламенттин бүгүнкү, 14-марттагы жыйынында өкмөттүн жаңы дайындалган мүчөлөрү ант беришти. Айта кетсек, депутаттар КРнын Коопсуздук жана коргоо боюнча вице-премьер-министри Шамиль Атаханов, Ички иштер министри Абдулда Суранчиев, Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев, Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун антын кабыл алышты. Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев катышты. Төрага Асылбек Жээнбеков жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрүнө ийгилик каалады.