Акыркы 4-5 айда Кыргызстан жергиликтүү дистрибьютордук жана батыш-европалык нагыз фармацевттик продукцияларды өндүрүүчү компаниялардын ортосундагы согуш майданына айланды. Эгер маселенин маанисин түшүнүп карай турган болсок, анда бул согуш эмес, “РОТАФАРМ” компаниясын куугунтуктап, кодулоого жакын экени белгилүү болот.
Эмесе, жагдайдын талаш жактарына тактоо киргизсек.
Мындан ары “Оригинал” компаниялар женериктердин (женерик – бул патенттик коргоо мөөнөтү бүткөн оригинал препаратын кайра өндүргөн патенттелбеген дары каражаты) атаандаштыгына чыдабай калганын белгилей кетүү керек, андыктан алар дүйнө жүзүндөгү “женерик доорунун” кулач жайышына активдүү тоскоолдук көрсөтүп келишет.
Женериктердин иштөө системи заманбап шарттарга ыңгайлашкан жана алда канча жолго коюлган. Компаниялар ишти бир гана жергиликтүү дистрибьютордук фирмалар менен алып барышат, препараттардын рынокто өнүгүп жана иштин алдыга жылышы үчүн инвестицияларды жумшашат. Жергиликтүү дистрибьюторлор медицина тармагынын өкүлдөрүн ишке тартып, мүмкүн болгон бардык жарнамалык материалдарды сатып алышат жана препараттарды сатуу боюнча иш алып барышат. Мында нарк саясаты абдан маанилүү роль ойнойт.
Түзүлгөн чырдуу жагдайдын башталышына “Репретин” жана “Рекормон” препараттарынын ортосунда болгон талаш себеп болгон. “РОТАФАРМ” компаниясынын айланасында болгон бардык ушак кептер тастыкталбаган, андан да алар элди, өкмөттү жаңылышууга алып келүүгө багытталган ыкма экени маалым болду. Препараттардын фарма-экономикасы боюнча, тагыраак айтканда, эпоетиндер боюнча түрдүү изилдөөлөр интернет булактарына жана жаңылык ленталарына жайгаштырылган. Жакынкы чет өлкөлөрдөн, мамлекеттик сатып алуулар боюнча сайттардан эпотеиндерди сатып алууларды табууга мүмкүн болду. Бизди абдан таң калтырганы, кошуна боордош мамлекеттерде башка препараттар менен катар “Рекормон” таң каларлык баада – шприц үчүн баасы 275 сомдон коюлду. Биздин өлкөдө аталган препарат тендердик билдирме менен бир шприц үчүн баасы 810 сомдон коюлат. Суроо туулат, кандайча мындай болуп жатат? Коңшу өлкөдө жашоо деңгээли бизге салыштырмалуу алда канча өйдө, бирок эмнеге “Рекормонду” аларга 275 сомдон, ал эми бизге 810 сомдон сатышат?
Баалардагы айырмачылык кайдан жаралган? Балким, кимдир бирөө бул аркылуу акча жасап жаткандыр? Шприцке болгон айырма 535 сомду түзөт. Эгер жылына 55000 шприц сатылса, 18,7 миллион сомду (393 миң доллар) түзөт, казынага зыян. Кайсы чөнтөктөрдө калат бул акчалар? Кимдир бирөө атайы биздин мамлекетти алдап жатат жана өзүнөн пайда табат. Мүмкүн, ошондуктан мунун баары парламенттин жана депутаттардын деңгээлинде чечилип жаткандыр?
Эмнеге бул сыяктуу белгилүү оригиналдуу өндүрүүчү компанияларды текшерүүгө алышпайт, а балким, алар дарыларды Индияда же Кытайда чыгарып жатышкандыр? Ошондуктан булар бааны биосимилярдан төмөндөтө алышат чыгар? Эгер андай болсо, чыныгы компаниялардын ою боюнча, “Репретин” бренд, а “Рекормон” биосимиляр болуп эсептелет, анткени аны Индия биосимилярынын баасы менен сатып алууга болот. Адамдардын ден соолугунун аркасында ким пайда таап жатат? Бул адамдар менен териштирүү жүргүзүп, мындай компаниялардын өкүлдөрүн жоопкерчиликке тартуу зарыл. Эмнеге “Рекормонду” Кыргызстанга арзаныраак баада алып келүүгө болорун билип туруп, алар аны тендерге үч эсе кымбат коюшууда жана алардыкы сапаттуу европа препараты экенин ырасташууда? Бирок, макул болуңуздар, сапаттуу препарат 275 сом турушу мүмкүн эмес, эгер Египет биосимиляры 400 сомго айланып жатса. Ошондуктан тез арада жагдайды териштирүү жана компанияларды кодулоо менен ким алектенип жатканын аныктоо керек.