Парламентте №50-СИЗОдон кылмышкерлердин качышынын жагдайлары боюнча маалымат берилди

11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкердин качышынын жагдайларын иликтөө боюнча Жогорку Кеңештин протоколдук тапшырмасын аткаруу жөнүндө Жазаларды аткаруу кызматынын маалыматы угулду. Бул боюнча Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчисинин орун басары баяндама жасады. Анын билдиришинче, бул иш боюнча 6 кылмыш иши ачылып, 1 кылмыш иши боюнча тергөө иштери жыйынтыкталып, сотко жиберилди. Ал эми 5 кылмыш иши боюнча тергөө жүрүүдө.

Эске салсак, 12-октябрга караган түнү Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан №50-абактан жалпы 9 адам качып чыккан. Абактан качкан кылмышкерлердин колунан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Таалайбек Өмүрзаков, Туратбек Садыбакасов, Орозбек уулу Фархат ошол күнү каза болушса, оор жаракат алган Тилек Абылгазиев ооруканада өзүнө келбей жатып жан берген.

Качып чыккан кылмышкерлердин бешөөсү ошол эле түнү МАИ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын арасынан үч кылмышкер: Муратбек Жумалиев, Таалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжегулов жүрөк оорусу, дем алуу органдарынын жабыркашынан жана баш сөөгүнөн алган жаракатынан түрмөдө каза болушту.

Качып чыгып издөөдө жүргөн Данияр Кадыралиев Дордой конушунда 16-октябрда, 28 жаштагы Азамат Мусуралиев 20-октябрда Сокулукта өлтүрүлгөн. Издөөдө жүргөн кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахмановду 22-октябрда кармоо учурунда анын бутуна ок тийген эле. Ага Чүй облустук ооруканасында операция жасалды.

Ал эми Алик Мамыркуловдун буйругу менен "коом үчүн коркунучтуу кылмышкерлердин түрмөдөн качуусуна жеткирген олуттуу каталарды кетиргени үчүн" деп №50-СИЗОнун бир топ жетекчилери иштен алынган. Алардын катарында Иманкул Телтаев да айыпталып, ЖАМК "тергөөнүн жыйынтыгына жараша Телтаев тийиштүү жазасын алат" деп билдирген эле. Телтаев №1-СИЗОнун медициналык бөлүмүндө шейшеби менен асынып алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан