11-18-март күндөрү Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери облус аймагында "Издөө", "Мал уурулук", "Укук тартиби" аттуу рейд жүргүзүп, анда 36 кылмыштын бетин ачылды. Бул маалыматты ОИИБинин басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов айтты. Белгилүү болгондой, иш-чаранын жүрүшүндө 1 адам өлтүрүү, 6 уурулук, 5 мал уурдоо фактысынын бети ачылган. Ошондой эле иш-чарада 9 килограмм баңгизат кармалган.