24-мартта Жалал-Абад шаарындагы "Телтору" ат майданында элдик курултай өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган иш-чараны уюштуруучулардын бири Медет Үсөнов бүгүн, 18-мартта маалымат жыйында айтты.
"Курултайда мөөнөтсүз уюштурулуп жаткан митингдердин жыйынтыктары, эл менен бийликтин бири-бирин түшүнүп иш алып барышы жана учурдагы саясий кырдаал талкууланат",- дейт ал. Айтымында, ал курултайга депутаттар, мамлекеттик кызматтын жетекчилери, Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров сыяктуу коомдук ишмерлер катышат. Эске сала кетсек, оппозиция өкүлдөрү 13-мартта Бишкекте чоң митинг болот дешип, ага 5 миң киши катыша тургандыгын жар салышкан. Бирок ал митингге 200 гана киши келди. Ал эми Жалал-Абаддагы курултайга 20 миң киши келе турганын айтат, камактагы "ата журтчу" депутаттардын тарапташтарынын бири Медет Үсөнов.