Быйыл жалпы республикалык тестирлөө 18-майда болот. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта маалымат жыйында Билим берүү ыкмаларын баалоо борборунун директору Инна Валькова билдирди. Айтымында, быйыл башка адам үчүн тест тапшыруу аракеттери аныкталса, бүтүрүүчү тестирлөөгө катышуу укугунан ажыратылат. “Тесттен өтүү үчүн эң негизги талап – паспорттун болушу. Ал эми көпчүлүк окуучулар тест тапшыруу маалында компьютер, уюлдук телефон, калькулятор колдонгондугу үчүн жаза алышат”,- дейт Валькова. Эске салсак, жалпы республикалык тестирлөөгө катталуу 11-апрелге чейин уланат жана негизги тестти тапшыруу үчүн баа 220 сом турат.