14-15-март күндөрү Нарын шаарындагы музыкалык академиялык драма театрында акын, драматург Акималы Чекировдун калемине таандык “Кызыл профессор” аттуу спектаклдин бет ачары болуп өттү. Аталган чыгарма Касым Тыныстановдун өмүрүнө жана улутчул катары айыпталып, репрессиянын курмандыгы болгон инсандарга арналган. Койгон режиссёру Какелең Мускаков жана сүрөтчүсү Кулубек Кадыров, автор менен Бишкектен Нарын шаарына келишип, спектакльде алгачкы ролдорду жараткан бир катар актёрлорду куттукташты.