19-20-март күндөрү Нарын шаарындагы борбордук стадиондо шаардагы жана райондордогу мектеп окуучулары арасында улуттук ордо оюну боюнча мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу Нарын облустук Ордо федерациясынын вице-президенти Нарынбек Жумалиев билдирди. Анын айтымында байге фондун Нарын шаардык кеңешинин депутаттары каржылоодо. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылат.