11-15-март күндөрү Нарын облусунун башчысы Канатбек Муратбеков, район акимдеринин орун басарлары жана облустагы айрым фермерлерден турган делегация расмий иш сапары менен Кытайдын Кызыл-Суу автономиялык облусунда болушту. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирет. Айтымында, Кытайдагы аталган облустун губернатору Пархат Турду менен кыргыз делегаттары эки облус ортосундагы соода кызматташтыгы, айыл чарба жана билим берүү тармагындагы шериктештикти бекемдөө тууралуу пикир алышты. Жолугушууда Канатбек Муратбеков:“Биз Нарын облусун өнүктүрүү үчүн жаңы жолдорду издеп, коңшу өлкөлөр менен шериктештикте иш алып барууга аракет кылып жатабыз. Биздин бул иш сапарыбыз келечекте облусту өнүктүрүүдө өз жемишин берет деген ишеничтебиз”,- деп белгиледи.